Кечээ, 3-мартта мамлекеттик туу күнүнө карата Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы желекке салтанаттуу түрдө ардак кароол коюлду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөр башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекеттик желек Улуттук Гвардиянын жоокерлери тарабынан кайтарууга алынды.
Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик тууга ардак кароол биринчи жолу 1998-жылдын 16-августунда коюлган. Ал эми 2016-жылдын май айында Улуттук тарых музейиндеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу кароол алынган.