Көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы шаарына музыкалык жарык менен коштолгон фонтан курулат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов билдирди.
"Музыкалык жарык коштолгон өзгөчө фонтан Балыкчы мэриясынын имаратынын алдына курулат. Ага 6 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталары күтүлүүдө. Учурда анын макети түзүлүп, эми ишке ашыруу пландалууда. Негизи ал жерде эски фонтан бар, биз ошону жаңылап реконструкциялайбыз. Фонтан быйыл күзүндө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдалып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүндө ишке киргизилет", - деди Мамбетов.