Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарында Жогорку Соттун алдында коррупцияга каршы митинг өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Рита Карасартова билдирди.
Анын айтымында, бул акция сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулат.
"Жогорку Соттун алдында саат 10:00дө "Коррупция менен күрөшүүгө биригебиз" деген аталыштагы митинг өтөт. Бул акция "биз коррупциядан тажадык" дегенди түшүндүрөт", - деди Карасартова.
Карасартова билдиргендей, митинг Ак Үйдүн алдында аяктайт. Анда акциянын катышуучулары кабыл алынган чечимдерди президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына жолдошот.