"Достук" өткөрүү пунктун кеңейтүү үчүн Кыргыз мамлекети 32 турак үйдү сатып алды

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетин кеңейтүү үчүн Кыргыз мамлекети 32 турак үйдү сатып алды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 3-мартта аталган пункттагы абалды текшерүү үчүн барганда билдирген.

Маалыматка ылайык, дагы үч турак жай боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары жолду кеңейтүү пландаштырылып "Достук" чек ара тилкесине алып баруучу жол жээгинде курулган турак жай жана башка курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Эске салсак, чек ара кызматынын өкүлдөрү "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайындагы элди тейлөөгө өткөрмө кабиналардын жетишсиздиги тоскоол болуп жатканын билдирген. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 3-марттан тартып кошумча төрт кабина коюлганын да айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbekasr
2018-03-05 09:47:01
Эмнегедир бул Достукта күндөн күнгө адамдар көп өтүп жатат.Бирок мен бир зыянын байкап жатам,Ош Кара сууда базарларындакы элге керектүү буюм тайымдарды ташып кетип жатат.Бир чети соодагерлерге жакшы болсо соодасы жүрүшүп,экинчи жагынан өзүбүздүн жарандарга тиеешелүү буюм тайымдар жок калып кымбатчылык жаралуусу мүмкүн.Чек арадан канча товар алып өтүш үчүн чектөөлөр барбы же жокбу?Холодильник плазма телевизор жана башка керектүү буюмдарды өзбектер тытып эле жатышат жетимдер.
+6
Arlenchik
2018-03-05 12:55:44
Чет жака коп кете баштаса жергиликтуулорго кымбатчылык болуп калышы толук мумкун.
0
Zhoro
2018-03-05 16:35:04
Канчадан сатып алды толук жазылабы маааалымат??
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан