Сооронбай Жээнбеков сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 5-мартта президент Сооронбай Жээнбеков сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Өлкөгө жарандардын Конституциялык укуктарын жана эркиндигин ишенимдүү коргоого жөндөмдүү, күчтүү, адилет, көз карандысыз жана мыйзамды бийик туткан сот бийлиги керек. Эң жогорку талаптарга жооп берген адилет сот бийлигин түзүү – сот реформасынын башкы стратегиялык максаты.

Мамлекет тарабынан ыйгарылган судьялык милдеттерди аткарууда жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо сиздердин күндөлүк ишиңиздердин айныгыс эрежеси болууга тийиш. Эл алдындагы ыйык парзыңарды мыйзамды кастарлоо менен так, калыс аткарат деп ишенем.

Ар бир соттук чечимдин артында адамдын тагдыры тура турганын эч качан эстен чыгарбагыла. Соттун калыс, акыйкат чечими адамдардын мамлекеттик бийликке карата ишенимин арттырат. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mem77
2018-03-05 11:42:09
Президент Сооронбай Жээнбеков деп жазганыңыздар туура болот го дейм, кандай дейсиздер?
0
futboler
2018-03-05 14:48:02
Неге Ак калпак күнү жөнүндө жазбайсыңар, же майрамдалбай калганбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан