Каржы министри Адылбек Касымалиевдин апасы 80 жаш курагында көз жумду

Кыргыз Республикасынын каржы министри Адылбек Касымалиевдин апасы Абаткан Кадырова 80 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Министр онкологиялык кызматты колдоо фонду тууралуу маселе боюнча чакыртылган, бирок келген эмес. Апасы каза болгондугуна байланыштуу ал отурумга келе албаганын министрликтин өкүлдөрү депутаттарга айтышты.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин апасы Абаткан Кадырова узакка созулган оорудан улам көз жумган. Маркумдун тажыясы Ысык-Көл облусунун Түп районунда эртең, 6-мартта өтөт.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Абаткан Кадырованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
love_you
2018-03-05 15:50:36
ыйманы саламат болсун. Аллахым бейишин берсин. жакшы апа эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан