Коррупцияга каршы митинг Ак үйдүн алдында улантылып жатат

Бүгүн, 5-мартта жарандык активисттер коррупцияга каршы митингге чыгышты. Алар митингди алгач Жогорку Соттун имаратынын алдында өткөрүп, сот системинин кызматкерлеринин ишине нааразычылыктарын билдиришти. Акциянын катышуучуларынын талабы - сот жана укук коргоо тармагындагы жемкорлукту жана мыйзам бузууларды токтотуу.

Жарандык активист Адил Турдукулов: "Биз президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүн колдоп митингге чыктык. Мамлекет башчы сот системи абдан коррупцияга батканын айтып, бул тармакта тазалоо болушу керектигин билдирген. Ошондой эле ал укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча сын-пикирин айткан. Президент бул сөздөрдүн аягына чыгыш үчүн элдин колдоосуна ээ болуусу зарыл. Митинг, жөө жүрүш аркылуу колдосо болот. Жээнбеков оор абалда. Анткени бардыгы мурунку кадрлар. Сооронбай Жээнбеков айткан сөздөрүн аткарса, Кыргыз мамлекетинин тарыхында ак так менен калат", - деди Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2018-03-05 11:56:06
Жаз келди мм байкап королу деп чыгыштыбы
0
nemo2016
2018-03-05 12:17:57
zhykyo,сен байкап кор келээчек Кайда барат ХХХХ соттор мн деп
+1
sirgak_92
2018-03-05 12:19:32
Алдагы экөө кайсыл жерде митинг болсо ошол жерде жүрөт го
0
jbolotov
2018-03-05 12:23:35
Чын эле Сот деген сот болбой эле тамак андыган иттей эле болуп калды.
+2
MUHLISA
2018-03-05 13:41:50
Өзүбүз Эгемендүү өлкө болгон соң, өз ара ички иштерибизди өзүбүз бүтүргөн оң эле....бөтөн бирөөлөрдү аралаштырып,бүтүртүп алган соң ага кайра көз каранды болгончо.Азыр мышык да бекер мыелобойт.Кечекинде Текебаевдин эл аралык соттор чечип беришине ишенем деп, сырткы күчтөргө таянып айткан сөзүнө таянып айтсам.Бизде норма иштегени жок бийликтен кетсе эле болду, эки жактан поддержка издеп, элди көтөрүп, кайра ошол бийликке оппозиция болуп жатып калышат....
-2
muslim87
2018-03-05 21:50:31
Жолдубаева, Сегизбаев? Жана аты аталып жаткан соттордун беттери аябай калың экен. Эгер жоопкерчиликти сезишсе эл нааразы болуп жаткандан кийин өздөрү эле арыз жазышып кетип калышса болмок. Элге жаман көрүнүп иштешкенче башка эле жумуш кылышканы оңго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан