Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 1-апрелден тартып жаңы мыйзам боюнча, кандай үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул бериле турганын айтты. Министр жөлөк пул алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси карала турганын белгиледи.
"Бул мыйзамга түрдүү көз караш, сындар айтылып, декабрь айында токтотулду. 16 миң үй-бүлө изилденип, мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыкты. Ага ылайык, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына жөлөк пул берүү каралган. Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калгандардын жөлөк пулдарын көбөйтүү каралып жатат. Балдардын баарынын муктаждыгын эске алуу менен үй-бүлөнүн жалпы кирешесин үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлгөндө 1400 сомдон аз болсо ал үй бүлөлөрдүн балдарына 810 сомдон жөлөк пул берилет. Ал эми ата энесиз балдар үйүндө күн кечирген балдардын каражаты эми балдар үйүнө берилбестен, депозит катары сакталып, ал балдар үйүнөн кетип жатканда баланын колуна берилет", - деди Исакунова.
Депутаттар берилген мөөнөттө бул мыйзам долбоору ишке ашып кетеринен күмөн санап жатышат. Бюджет жана финансы комитети бул мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.