Каарманым Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү азиз. Анын 40 күн мурун туулган уулу Табарактын да 2 көзүнүн ордуна шишик менен төрөлгөн. Асилбектин апасы уулу тууралуу төмөндөгүлөрдү баяндады.
Жунусова Алтынкыз: "Асилбектин көзү азиз туулганын 22 күндөн кийин билгем"
- Менин 12 балам бар. Асилбек 8-балам. Ал 1990-жылы 21-декабрда жарыкка келген. Бардык балдарымдын ден соолугу жакшы. Бир гана ушул баламдын көзү азиз. Эмнеге бул уулум ушундай болуп калды азыркыга чейин түшүнбөйм. Төрөгөнүмө 22 күн болгондо апам келип "балаң көзүн ачабы?" деп сурап калды. Баламдын ага чейин көзүн ачпай жатканына маани деле бербептирмин.
Апам айткандан тарта бүбү-бакшыларга, ооруканаларга каттай баштадым. Анда азыркыдай илим, техника өнүккөн эмес. Уккан, көргөнүбүзгө ишенчүбүз. Ооруканага алып барсак дарыгерлер эч кандай диагноз коё алышкан жок. Барбаган оорукана, табыптар калган жок. Андижан, Өзбекстанга чейин бардык. Бири айыгат десе, экинчиси айыкпайт дей беришти. "Баламдын көзү көрүп кетсе экен" деп күндө Кудайдан тиленчүмүн. Байкуш балам мени аяп, эс тарта баштаганда, "апа, эч жакка барбайм, алып барбай эле коюңузчу" дей баштады.
Асилбек жетиге чыкканда мектепке киргизсек көзү көрбөгөндүгүнөн тартындыбы, чыгып кетти.
Неберем Табарактын болсо көзү жок, анын ордуна 2 шишик болуп жатпайбы. Асилбектики шишик эмес, эки көзү жумулуу болчу. Кареги көрүнбөйт, бирок кирпиктери бар төрөлгөн.
Асилбек Нуркамил уулу: "Балабызды бирөөгө көрсөткөндөн коркобуз"
- Мен Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жаңгакты айылында 1990-жылы туулгам. Өзгөн районундагы медреседен 5 жыл билим алгам. Медреседе окуп жүргөндө көп ийгиликтерге жетиштим. Куран окуу жагынан сынактарда алдыңкы орундарга татычумун. Ал жактан көзүм көрбөйт деп корунган жокмун. Мугалимдерим мага дайыма шык берип, "көзү азиздерден да мыктылар чыгат, сен оку" дешчү.
Меккеге чейин баргам. Биздин депутаттар моюнуна мингизип Кааба ташын айлантышкан. Ошондо бакыттын чыныгы даамын сездим, көп нерсени тилек кылгам.
Үйлөнүү боюнча айтсам, максатымдын баарын ачык айтып, "майыпмын, 5 маал намаз окуйм, медреседе окуйм. Өзүмө окшош динден маалыматы бар кызга үйлөнөм" деп интернет аркылуу кыз издедим. Буйрук экен 2012-жылы Жазгүл экөөбүз таанышып, үйлөнүп калдык. Жазгүлдүн буту ооруйт, 2-топтогу майып. Эки кызыбыз бар. Улуу кызым Хафизадан корктум эле, ден соолугу чың төрөлдү, бирок сүйлөө жагынан аксап жатат. 2-кызым Басира мага окшоп көзү азиз төрөлдү. Насыя алып кызымдын көзүн дарылаттык. Эми минтип уулум да майып төрөлүп калды. Табарактын көзүнүн ордунда 2 шишик бар.
Келинчегим кош бойлуу кезинде медициналык каттоодо туруп, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Бирок балабыздын майыптыгы тууралуу айтышкан эмес, "жүрөгү жакшы согуп жатат" дешкен. Болгону УЗИден уул болорун билгенбиз. Табарак төрөлгөндө эле 2 көзүнүн ордуна шишик менен төрөлдү. Каныңдан жаралган баланы жээрүү кыйын. Жараткан кандай берсе, ошондой кабыл алдык.
Бирөөгө көрсөткөндөн коркобуз. Медицинадан кабары жок адамдар гана эмес, дарыгерлер да коркуп кетишет.
Бул үй-бүлөнүн Өзгөндөн Ош шаарына көчүп келгенине 6 айдан ашты. 2 кызы бала бакчага барат. Жазгүл бала менен үйдө болгондуктан кыздарды бала бакчага жеткирүү Асилбек мырзанын моюнунда. Ал таягынын, көчөдөгү адамдардын жардамы менен кыздарын бала бакчаларга жеткирет. Улуу кызы логопедден сабак алса, кичүү кызы реабилитациялык балдар үйүнө барат.
Ал эми жаңы төрөлгөн чүрпөсү Табарактын көзүнө кан уюп калган деп дарыгерлер болжолдогону менен, так аныктаманы айта элек. Ымыркайдын жүрөгүндө 2 кемтиги бар деп да айтышкан. Ата-энеси ымыркайы түн ичинде тынбай ыйлап чыгарын айтат.
Учурда бул үй-бүлө 7 миң сом төлөп ижарага алган батирде жашайт. Жашоонун татаалдыгы жанга батты деген түгөйлөр кээде балдарын дарылатмак түгүл, наны жок калган күндөрү да болгонун айтышат.
"Жок дегенде үстүбүздө үйүбүз болсо да жашоонун кыйынчылыгы анча билинмек эмес беле...", - деген каарманым ипотекага үй алууну да ойлогон. Үй куруучу ишканаларга барып шарттарын билейин дегенде эле, босогодон "сен акчаны кантип төлөмөк элең, өзүң майып болсоң" деген жооптор менен узатышкан. Учурда үй-бүлөнүн башкы максаты - ымыркайы Табаракты дарыгерлерге көрсөтүүгө жетиштүү каражат топтоо. Эгер кайрымдуу жарандардын жардамы менен акча топтолсо уулун, борбор калаага алып келип, адистерге көрсөтүү аракеттерин көрүп жатышат.
Табарактын ден соолугуна кайдыгер карабай, жардам беребиз дегендер үчүн байланыш телефондору: 0774 32 24 63 (ЭлСом), 0776 122190 (WhatsApp) Асилбек.