Тогуз-Тородогу айылдык кеңештин төрагасы: "Туристтер "радиация бар" деп Тогуз-Торого келбей жатышат"

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда жайгашкан "Макмал" алтын кен ылгоочу ишкананын иштөөсү жергиликтүү экологияга чоң зыян алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта маалымат жыйынында аталган райондун Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов билдирди.

Анын айтымында, ишкананын 30 чакырым айланасында чөп өспөйт. Мындан тышкары ал ишканадан чыккан зыян экологияда гана эмес, жергиликтүү тургундардын ден соолугунда дагы билинип жатканын айтты.

"Советтер Союзунун учурунда ачылган "Макмал" алтын кен ылгоочу ишканасы Тогуз-Тородо 33 жыл иш жүргүзгөн. Ал комбинаттын зыяндуулугунан улам аксакалдарыбыз оорукчан болуп жатат. Тогуз-Торонун тургундары 60ка чыкпай каза болуп жатышат. 22 миң калктын ичинен күнүнө 3-4 адам каза болууда. Бул комбинаттын залалы тийип жатканы билинип турат. Тогуз-Торого атайын келген адистер тобу "Тогуз-Тородо радиация бар" деп чечимин чыгарган. Жадакалса, биздин айылга туристтер дагы келбейт. Алар келе жатып атайын аппараттары менен текшерип, бул жерде радиация бар экен деп кайрылып кетип калышат", - дейт Шерипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
grace
2018-03-05 14:29:53
Алтынды казганга кыргыздын эч жеринде уруксат бербеш керек элим!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан