8-Мартка карата Каржы министрлигинин айым кызматкерлерине жетекчилеринин атынан куттуктоо каттары гана тапшырыла турган болду

Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги гүлдесте сатып алууга жарыяланган бул тендер 8-Мартты майрамдоого байланыштуу эмес. Ал акчага алынуучу гүл композициялары расмий протоколдук иш-чараларга, чет өлкөлүк конокторду тосуп алууга, ошондой эле маанилүү мааракелик күндөрдү майрамдоого гана багытталган.

"Гүлдесте сатып алуу үстүбүздөгү жыл ичинде жүргүзүлөт. Бир катар маалымат сайттары аталган гүл продукцияларын сатып алууда алдын ала сүйлөшүп алынган жеткирип берүүчүлөр (поставщик) бар экендигин жана уюштурулуп жаткан тендер жөн гана формалдуу жүргүзүлүп жаткандыгын жазып чыгышкан", - деп айтылат түшүндүрмөдө.

Буга байланыштуу Каржы министрлиги учурда эч кандай сүйлөшүлгөн жеткирип берүүчү жок экендигин билдирет. Тендердин жеңүүчүсү сынак өткөрүлгөндөн кийин гана белгилүү болмокчу.

8-мартты майрамдоо үчүн Каржы министрлигинин жетекчилигинин атынан бир гана куттуктоо каттарын тапшыруу пландаштырылууда.

Эске салсак, буга чейин Каржы министрлиги 8-Мартка карата алынуучу гүлгө бюджеттин эсебинен 250 миң корото турганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg-samsung
2018-03-05 15:46:07
Карандай калпты айтышат экен да 8 мардка деп жазып 5 мартка чейин тендер айактайт деп айтты элего кече эле булар эмне деген адамдар элдин мнениясын уруп ойнобойт окшойт
+2
Asyl.jazi
2018-03-05 23:18:40
Буларды эмне кылса болот? Ишеничтен чыккан, качан калктын ишеничине ээ болот, аны Кудай билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан