Ош ШИИБи: "55 жаштагы адам аялына карыз алып бергени үчүн балдызын базардын ичинде бычактаган"

Ош шаарындагы базарлардын биринде "майда манты" сатып жаткан келинди бычак менен сайып качып кеткен жездеси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, мындай кадамга шектүү 29 жаштагы балдызынан өч алуу максатында барган.

"Окуя 4-март күнү 12:30дар чамасында борбордук базарда орун алган. Анда 29 жаштагы Ош шаарынын Д. А. аттуу тургунун бирөө аркасынан келип, жамбашына бычак сайып качып кеткен. Арадан 10 мүнөт өтпөй эле базардын аймагынан 55 жаштагы Ж. К. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалган. Кийин кармалган адам жабырлануучунун жездеси экени аныкталды.

Сурак учурунда шектүү кылмышты толук моюнуна алды. Жаракат алган балдызы ортого түшүп, анын аялына ири суммадагы карыз акча алып берген экен. Аялы карызды кайтаруу үчүн Орусияга иштегени кетип, бул ишке кириптер кылган балдызынан өч алуу үчүн ушундай кадамга барган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошто балдызын бычактаган жездесинин көрсөтмөсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tynchy
2018-03-05 15:00:44
оруган неме го бул акылы ошого эле жеткен
+2
Dembele84
2018-03-05 15:21:24
Понятно
+1
Arlenchik
2018-03-05 15:51:17
ХХХХ килейген эле киши жеткен акылын кара, андай экен анда аялын карыз алганга мажбур кылбай озу камсыздабайт беле, аялы ал карызын торкунуно которуп кетпесе керек оздорунун уй-булолук муктаждыгына коротту да, эжеси болсо кысталып аткан учурда айласыздан ортого тушуп алып берди да, аялын жонотуп ийип алсыз аялга короз болбой шалбырабай барып озу иштебейби, бироонун ден-соолугуна зыян келтирген акмакты ХХХХХХХХ
+11
taalay25
2018-03-05 17:57:04
Дагы озбектерби?
+3
engel
2018-03-05 18:38:54
Жамбашына сайганы кызык экен
-2
Shokoladka94
2018-03-05 18:42:29
Адам сыягы жок, тын болсон аялындын ордуна барып иштебейсинби
+5
Alinur96kg
2018-03-05 21:47:41
Балдызы аялына эмес,бул кишинин аялы синдисине акча алып берген экен.Балдызы толой албай калып кишинин аялынан карыздарын доолашып, ошол себептен россияга кеткен деп журот.ММК ларда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан