Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек аранын аймактарын аныктоону тездетүү керектигин айтты

Бүгүн, 5-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди жана өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы абал жана чек аранын аймактарындагы көзөмөл-өткөрүү жайларын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков анын Өзбекстанга жана Тажикстанга болгон иш сапарларынын натыйжасында жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасынын жана Кыргыз-Өзбек чек арасынын калган аймактарын делимитациялоо жумуштарын тездетүү боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди.

Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Кыргыз-Өзбек чек арасынын калган аймактарын аныктоо боюнча жумуштар ыкчам жүрүп жатканын маалымдады.

Президент мамлекеттик чек аранын аймактарын аныктоо боюнча жумуштарды тездетүү чараларын көрүш керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Өзбек аймагынын "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайындагы абалды талкуулоо үчүн мамлекет башчысынын тапшырмасы менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында уюштурулган жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Уларбек Шаршеев "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайынын өткөрүү жөндөмүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплексин өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтып берди.

Ал билдиргендей, мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Өзбек аймактарында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү жайларында чек арадагы аймактарда соода-сатыктын өнүгүшүнө байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында паспорттук көзөмөл кабиналарынын саны 30га чейин көбөйтүлөт.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек аранын аймактарындагы өткөрүү жайларынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2018-03-05 15:16:27
Чек араны такташ керек биринчи орунда,буга чейинки президенттер чек ара жонундо ооз ачкан эмес,бир нерсе деп ал жонундо суйлоштон да коркушчу,только оз кызыкчылыгын коздоп журушкон.Мамлекеттин чек арасы так болбосо жанжал токтобойт эч качан коншулар менен.Чек араны так текшерип,эч бир биздин жерлер башка олкого отуп кетпешине так тургула.Жээнбековдун баштаган иштери дурус эле азырынча,беркилерге караганда.
+3
Ask094
2018-03-05 15:19:21
Алга кыргызстан. Президентибиз Сооронбай Жээнбековго ийгилик тилеп калабыз айткан созунон чыгабы же чыкпайбы деп кумон санагандар коп болчу мына акырындап аткарып атат
+1
NURSAPAR
2018-03-05 15:21:01
Бул чындап эле актуалдуу маселе такташ керек. А-то туугандар жыл сайын сантиметрлеп жылып келе жатышат
0
Bazake
2018-03-05 15:48:59
Жээнбеков жаны жыл астында Озбекстанга, андан сон Тажикстанга барып дал ушул чек ара маселесин чечуу боюнча конкреттуу суйлошуулорду жургузгон. Эми бул иштерди аягына чыгаруу учун атайын тапшырма берип жатканы эн жакшы корунущ. Чек ара чечилмейин олконун бутундугуно шек келе берет. Муну президент эн жакшы билип турат. Ийгилик Сооронбай Шариповичке
0
Tyty1990
2018-03-05 16:07:52
Керек, керек деп айтты да койду. Керек эле дейт
0
raykray
2018-03-05 21:34:32
Аташка мн мамилени узуп агада иш козгоп отурчу жерине отургузуп, анан билекти туруп иштениз!!! Сизге ийгилик
+1
bolotbeck1983
2018-03-06 03:59:20
Тездеткиле! Болбосо чыккыла эшикке!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан