Кыргыз өлкөсүндөгү окуучулардын 11,2 пайызы баңгизаттын бардык түрүн колдонуп көргөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта кибер коопсуздук жана Кыргыз өлкөсүндөгү балдардын дени сак жашоосу боюнча маалымат жыйында балдардын укугун коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова билдирди.
"Жаштардын коопсуздугун колго алуу үчүн атайын орган түзүлүшү керек. Себеби биздин өлкөдө жаш балдардын укуктары жетиштүү деңгээлде корголбой, айрымдары туура эмес жолду тандап кетишүүдө. Кыргыз мамлекетиндеги мектеп окуучулары боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдө алардын 39 пайызы ичимдик ичсе, 19 пайызы чылым чегип көргөнү аныкталган. Ал эми 11,2 пайызы баңгизаттын бардык түрүн колдонуп көргөнү маалым болгон. Ошондой эле өспүрүм кыздар интернет аркылуу интим кызматын көрсөтүп жатышканы ачыкталууда. Порнографиялык сайттарга жаштардын кирүүсү, көзөмөлдүн жоктугу бул жаатта коопсуздук корголо турган орган түзүлүшү керектигинен кабар берет. Башка өлкөлөрдө кибер коопсуздук боюнча атайын кызматтар иштеп, бардыгын алдын алууга аракет кылышат. А бизде андай мүмкүнчүлүктөр жок", - дейт Турдубекова.
Ошондой эле учурда шаардагы интернет клубдарда жаш балдардын түнү менен оюн ойноп, ата-энелер тарабынан көзөмөл болбой жаткандыгын да кошумчалап өттү.