Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети балдарга жөлөк пул берүү боюнча мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карады. Анда депутат Алмазбек Токторов балдарга сүйүнчү пулдун көлөмүн бийик тоолуу аймактарда оор шартта жашагандарга каралган жогорку коэффициент менен берүү керектигин айтты.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын маалыматына караганда, учурда өлкөнүн бардык аймактарында бирдей өлчөмдө сүйүнчү пул берилет.
"Азыр сүйүнчү пулга жылына 650 миллион сом каралган. Бул абдан чоң каражат. Эгер тоолуу аймактарда, оор шартта жашагандардын коэффициенти кирсе, ага дагы 50 миллион сомдун тегерегинде каражат керектелет", - деди Исакунова.
Депутаттар бул каражат анча көп эмес экенин айтып, өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.