5-мартта Бишкекте 50гө чукул өрт өчүрүүчү айлык маянаcы себепсиз кыскартылып жатканын айтып, нааразычылыкка чыгышкан. Алардын айтканына караганда, айлыгы мурда кеминде 10 миң сом болсо, азыр колго 1 миң сомдон 4 миң сомго чейин гана берилген.
Алардын көйгөйү менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов келип таанышып, маселени жеринде териштирди. Жыйынтыгында маселе өрт өчүрүүчүлөр менен Өрт өчүрүү кызматынын Бишкек шаарындагы башкармалыгынын ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыкканы белгилүү болду.
"Азыр өрт өчүрүүчүлөр менен жолугушуп, окуяны териштирдик. Төлөмдөр ар бирине өз-өзүнчө которулат экен. Мисалы, өткөн айдын айлыгы айдын биринчи күнүнөн бешинчи күнүнө чейин оклад, аскердик чиндер жана башка артыкчылыктар үчүн деп өз-өзүнчө берилет. Булардын баары бүгүн толук которулуп берилмек. Бирок кызматкерлер күтпөстөн эле нааразы болушуптур. Ошол эле учурда маселени башкарманын жетекчиси да өз убагында түшүндүргөн эмес. Бүгүн тапшырма бердим, маселе чечилет. Ал эми айлыктар накталай эмес, банктык картага которулгандыктан, өздөрүнө алып калуу же дагы бир башка маселе чыгышы мүмкүн эмес", - деди Боронов.