Өлкөдө коомдук жайлардагы дааратканалар текшерилет

Өлкөдө эл көп жүргөн коомдук жайлардагы мекеме-ишкана, базар, оорукана, клуб, кафе-ресторандардагы дааратканаларды текшерип чыгууну Саламаттыкты сактоо министрлиги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине тапшырды. Бул маалыматты аталган департаменттин башчысы Төлөн Исаков тастыктады.
"Өлкөнүн шаарларындагы, райондорундагы бардык коомдук жайлардагы дааратканалар текшерүүгө алынат. Тазалыгы, жайгашышы, кол жууган жеринин бар же жоктугу текшерилет. Анткени дааратканалардан көптөгөн оорулар жугушу мүмкүн. Эгер санитардык эрежелер сакталбаса, административдик айыптар салынат", - дейт Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан