Бүгүн Бишкекте аялдардын улуттук форуму өтөт

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештеги жыйындар залында "Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота" аттуу аялдардын улуттук форуму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт менен бир катар коомдук-бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Форумдун катышуучулары бойго жетпеген өспүрүмдөр арасындагы никеге тыюу салуу маселесин жана айылдык кеңештерде аялдар үчүн бөлүнгөн квота көйгөйүнө тиешелүү мыйзам долбоорун талкуулашат.

Ушул эле күнү саат 13:30да Уркуя Салиеванын эстелигине гүлчамбарларды коюу иш-чарасы өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан