Якутиялык "кабылан" атка конгон модель 26 жылдан кийин апасын жолуктурду

Якутиянын "кабылан" атка конгон модели Ирина Павлуцкая 26 жылдан кийин биологиялык энеси менен жолукту. Бул жолугуу орусиялык телеберүүлөрдүн биринде болгон.

Ирина төрөлгөндө эле генетикалык өзгөчөлүк менен төрөлгөн. Анын денесинде кал сымал майда тактар көп болгон, бул эмнеден улам келип чыкканын дарыгерлер аныктай алышкан эмес. Мындан улам аны биологиялык апасы таштап кеткен. Анын айтымында, кыздын генетикалык өзгөчөлүгү менен төрөлгөнүн уккан жакындары ооруканага келбей коюшкан.

"Иринанын сырткы кебетесинен улам жолдошум, жакын туугандарым да келбей коюшкан. Мындан улам күйөөм карабай кетпесин деп, кызымды шаардагы стадиондогу отургучтардын бирине таштап кеткем", - деп билдирген кыздын биологиялык апасы Мира Васильева.

Денесиндеги өзгөчөлүк Иринанын модель болуп эмгектенүүсүнө түрткү болгон. Мурун ал өзүн башкалардан ала качып, сырткы келбетинен уялып жүргөнүн, бирок алгачкы жолу модель катары сүрөткө түшкөндөн кийин өзүн жакшы көрө баштаганын эфирден билдирген.

Ал эми көрсөтүүгө келген көпчүлүк көрөрмандар Мира Васильевнаны кызын 26 жылдан соң гана издеп баштаганын сынга алып, ал Иринага эмес, анын мамлекет берген үйүнө гана кызыгып жаткандыгын айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2018-03-06 09:57:28
Озуно окшош бала XXXX жаман кармаптыр го)))
0
Dembele84
2018-03-06 10:34:09
Бир ай болоюн деп калды го булардын эфирден чыкканына
+2
orun
2018-03-06 11:15:40
Андрей Малаховдун "Прямой эфир" телеберуусунон корсотушту го. Энесинин таштап кеткени аябай окунучтуу. Анан баса, тигил бала экоонун ДНК лары окшош чыгып, экоосунун аталары тууган болгон деген чечим чыгарышты! [moderated]дан корсонор болот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан