Таласта бычактан жаракат алган адамдын кан тамырын 7 саат кармап турган дарыгерге ардактуу наам ыйгарылды

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы бычактан жаракат алган адамдын кан тамырын 7 саат кармап турган хирург Марип Ибраимовго 5-март күнү сыйлык тапшырылды. Бул туурасында Бакай-Ата районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Жылдыз Токтосунова SUPER.KG порталына билдирди.

"5-март күнү хирург Марип Ибраимовго Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу наамын аким Чолпон Төрөкулов ыйгарды. Ошондой эле биздин ооруканадан сыйлык катары Ысык-Ата курортуна эс алууга жолдомо бердик", - деп билдирди Токтосунова.

Эске салсак, 21-февралда Бакай-Ата райондук ооруканасынын дарыгерлери Бишкектен хирург барганга чейин бычактан жаракат алган адамдын кан тамырын колдору менен 7 саат кармап туруп, өмүрүн сактап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
raikakyz
2018-03-06 10:38:34
Алла ыраазы болсун! Алла сизди себепчи кылып бир адамдын омурун сактап калдыныз.Наамыныз кут болсун!
+13
kechirmeni
2018-03-06 10:57:39
Ушуларга наам берсе болот, кандай наам болсо да татыктуу, анан бироолорго окшоп калп эле кетип атып озуно ыйгартып албай
+12
Ermekbai
2018-03-06 11:05:10
Куттуу болсун демекчимин
+6
aza84
2018-03-06 11:10:05
Молодцы
+6
ksb
2018-03-06 11:16:26
Дагы бир врач бар эле го,экөө алмашып кармашпады беле,бирөөсүнө берип экинчисине бербей койсо обидно го..
+9
Nanei
2018-03-06 15:19:39
ksb,мен да ошону ойлодум,экоо алмак салмак кармап турдук дедилего
+2
Gulnyr19
2018-03-07 01:09:51
Nanei,менда ошентип ойлодум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан