Түркияда кайнисинин колунан каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү 7-мартта Кыргыз жергесине алынып келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Каза болгон Екатерина.Ч. аттуу келиндин иши боюнча биздин Түркиядагы элчилик көзөмөлдөп, анын жакындары менен тыгыз иштешип, сөөгүн Кыргыз жергесине алып келүү маселелерин чогуу талкуулашты. Биздеги маалыматтар боюнча анын сөөгү Кыргыз жергесине "Жүк 200" менен 7-мартта алынып келет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин "Түркияда Кыргыз жараны муунтулуп өлтүрүлдү, шектүү катары кайниси кармалды", - деп чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.