Чүйдө шаркыратмага эс алууга кетип жоголгон эки жаран табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан шаркыратмага кеткен боюнча жоголгон 18 жаштагы эки жаран куткаруучулар тарабынан табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"5-мартта саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын 2 тургуну 1998-жылы туулган А.А. жана 1998-жылы туулган И.Т. эс алууга Теплые ключи аймагындагы шаркыратмага чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келишкен эмес. Алардын ата-энесинин кайрылуусунун негизинде издөө иштери жүргүзүлүп, бүгүн ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жөнөтүлүп, саат 07:40 чамасында жоголгон эки жаран табылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда эки жарандын абалы канааттандырарлык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-03-06 11:58:43
Эки жаран кимдер алар? Эки доспу,курбуларбы же кыз жигитпи толук маалымат бергилечи айланайындар!
+3
Azatbek83
2018-03-06 14:11:39
Dembele84,кыз жигит.
0
almanbetperm
2018-03-06 13:01:11
Дем алганы барышса анан,2 саат болсода дем алдырбаптырда
+3
Azatbek83
2018-03-06 14:11:25
Ошол жакта үйлөнүп бал айын өткөрүлү дешсе керекта!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан