Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште улуттук аялдар форуму өтүүдө. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген активдүү, коомдук саясий ишмер айымдар катышууда. Анда "Аялдарды колдоо борбору" коомдук бирикмесинин президенти Роза Айтматова аялдардын коомдогу орду туурасында пикирин айтты.
"8-Март аялдардын социалдык жана башка укуктарын коргоо күнү. Турмуштун өзү аял менен эркектин керектөөлөрү, муктаждыктары эки башка экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан чечим кабыл алынганда аялдардын да болушу маанилүү.
Президентибиз 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Аймактарда маселелерди чечүүчү орган - бул айылдык кеңештер. Азыр айылдык кеңештерде 10 пайыз гана аял депутаттар бар. Өлкө боюнча 86 айылдык кеңеште бир да аял жок. Демек, айрым аймактарда чечим кабыл алууда аялдар катыша албайт. Аялдар балдарды тарбиялоо, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга камкордук көрсөтүү жана башка социалдык маселелерди жакшы билишет. Ошондуктан айылдык кеңештерде аял депутаттардын болушу маанилүү.
Учурда Жогорку Кеңеш жергиликтүү кеңештерде 30 пайыз аялдарга квота берүү мыйзамы биринчи окууда каралды. Эми бул мыйзамды кабыл алып берүүңүздөрдү суранам", - деди Айтматова.