Дастан Жумабеков: "Парламентте аял депутаттардын саны көбөйүп, министрлик кызматтарды аялдар аркалап жатышы - демократиялык багытыбыздагы башкы жетишкендигибиз"

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңеште улуттук аялдар форуму өтүүдө. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген активдүү, коомдук саясий ишмер айымдар катышууда. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков аялдар форумуна катышып жаткандарды эл аралык аялдар майрамы менен куттуктады.

Урматтуу айымдар!

Сиздерди алгач келе жаткан 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Эгемендүүлүк жылдары жаңы мамлекетибиздин түптөлүшүндө да кыргыз кыз-келиндери опол тоодой салым кошуп, жаркын келечегибиздин башатында турушту. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган 27 жыл аралыгында ар түрдүү окуялар арбын болду. Эки жолу бийлик күч менен алмаштырылып, акыйкат үчүн элибиз окко да төшүн тосту. Миңдей жарандарыбыз жаракат алып, жүздөй мекендешибиз каза болду. Анда да бардык кыл чайнашкан кыйын учур энелердин жүрөгү менен өтүп, алардын жүлүнүн сыздатты. Ак жоолугун булгалаган апалар да адилеттик издеп "Ала-Тоо" аянтында жүрүштү. Акыр аягы элдин мүдөөсү жеңип, мамлекетибизде туруктуулук орноду. Орто Азия чөлкөмүнөн алгач ирет Кыргыз өлкөсүндө айым президент тандалды.

Парламентте да айым депутаттардын саны көбөйүп, жогорку министрлик кызматтарды аялдардын аркалап жатышы демократиялык багытыбыздагы башкы жетишкендигибиз деп билем. Айрыкча алардын социалдык маселелерди арбын көтөрүп, энелик жүрөгү жана мээрими менен элдин көйгөйүн ыкчам чечкендигин көп байкайм. Ал эми өкмөттү алсак, бир вице-министрлик жана эки министрлик кызматтарды эжелерибиз аркалап келет. Ошондой эле бийликтин бир бутагы саналган Жогорку Сотту да төрайым башкарып, Башкы прокуратура жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башында да ардактуу айымдар отурат", - деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, аталган форумга республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт менен бир катар коомдук-бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Жыйында бойго жетпеген өспүрүмдөр арасындагы никеге тыюу салуу жана айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайызын аялдар үчүн резервге калтыруу аялдар маселелери талкууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ask094
2018-03-06 15:00:38
Демократия болуп эле поктун ишин кылып атасынбы ? Ушундай куру созунордон башкаэч нерсенер жок жутуп олгур жуткучтар. Бетинер эшектин терисиндей калын уялбайсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан