Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын камакка алынган мүлктөрү сатыкка коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токтакунова өзү билдирди.
Анын айтымында, экс-президенттин өкүлү соттун камакка алуу чечимин өзгөртүү үчүн доо арыз менен кайрылганы жаткан.
"Соттук аткаруучу мага чалып айта элек, бирок мага жеткен маалыматтар боюнча кийинки жумада соттук иш башталат. Сотко соттун чечимин өзгөртүү үчүн экс-президенттин өкүлү доо арыз менен кайрылганы жатат. Соттук чечим өзгөрсө, биз айыпка жыгылган сумманы биздин камакка алынган мүлктөрдү сатуу менен ала алышат", - дейт Токтакунова.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алган. Камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир, жер тилкеси бар.
2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди сотко берген.