Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелердин 80 пайызы ажырашып кетет. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта "Арди" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин бирикмесинин өкүлү Турдубү Жумабекова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 18 жашка чейинки майып балдар 3 миң сом жөлөк пул алат. 18 жаштан жогорку жумушка жараксыз 1-топтогу майыптар 3 миң сом, 2-топтогу майыптар 2 миң 500, ал эми 3-топтогу майыптар 2 миң сом жөлөк пул алышат.
"Майып балдары бар ата-энелердин 80 пайызы ажырашып кетет. Ошондуктан жалгыз бой энелер майыптыгы бар балдарын карап иштей алышпайт. Акыркы 20 жыл аралыгында өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны бир жарым эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдардын саны 29 миң 800гө жетти", - дейт Жумабекова.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековдон "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү" мыйзамдын долбооруна, биринчи кезекте, майыптыгы бар балдардын акыбалына жана алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл бөлүүсүн өтүнүштү.