Милициянын жыртылган бут кийим кийиши коомчулуктун талкуусуна түштү

Социалдык тармактагы баракчаларда бут кийими жыртылган милиция кызматкеринин сүрөтү жайылып, кызуу талкууга түштү. Айрым колдонуучулар кызматкерлердин маянасы аз экенин, аларга социалдык жардам көрсөтүлбөй турганын жазышууда. "Алар да үй-бүлөсүн багыш керек. Полиция деп өзгөртүп гана койбостон керектүү шарттар да түзүлүшү зарыл", - деген билдирүүлөрүн жазышууда.

Талкуу жараткан сүрөт кечээ, 5-мартта Жогорку Соттун алдында коррупцияга каршы өткөн митингде тартылган.

Бул сүрөт менен бөлүшкөндөр: "Милиция батирге, бала бакчага, мектепке акча төлөш керек, үй-бүлөнү каржылаш керек деген ой менен жүрсө, иш кайдан жылат? Адегенде алардын айлыгын жакшыртуу керек, ошондо гана коррупция менен күрөшүү натыйжалуу болот", - деген пикирлерин жазган.

Ошол эле учурда бир эле кызматкердин бут кийими менен бүтүндөй милициянын абалын салыштыруу туура эмес деген оюн жазгандар да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Alinur96kg
2018-03-06 14:54:15
Жетиштуу болсо ким эле айрык кийим кийгиси келсин.Айлыгы уй булоолук расходдордон ашпай атса айла жоктон кийип журот да.
+24
Cleo-13
2018-03-06 15:01:47
Ушундай денгээлде жашаган эл коп, бул уят эмес . Уялгандар шапкесин басып кийе берсин
+14
kechirmeni
2018-03-06 15:10:56
Жашоодо ушундай жыртык батинка кийгендер муну тушунушот жана мазактап ашкерелебейт, тушунбогондор уялышат, маршруткага тушкондорду коруп уялышат, бироонун батинкасын коруп уялышат.
+13
tattusha
2018-03-06 16:21:20
жаш уй- булоолорго кыйын эле, квартирада жашасан зарплата квартплата тамак-аштан ашпайт,гос. ипотеканын процентин азайтып койсо жакшы болмок коп уй-булолор квартирага тологон акчасын ипотекага толоп уйлуу болуп калмак
+11
bazar
2018-03-06 16:56:29
Тажикстандан келген кыргыздарды кармап алып акча алышат. Бир ботинке алып албайбы
-17
Айдай
2018-03-06 16:59:44
Дагы жакшы кыштан чыгыптыр, жаан чачын болсо буту суу болуп жургонун элестетип жатам.
+10
Isco23
2018-03-06 20:55:22
Айдай,е кыз башын мн ушуну жаздынбы? Мисалга эле алайлы:сенин атан деле ушинтип кийгени болсо кк же жалан гана бренд ботинкаларды киеби? Же атан байбы?
+2
Arlenchik
2018-03-06 19:42:11
Ким тартсада акмак экен! ал байкушта жыргаганынан жыртык ботинка кийип жургон жок, жок болгон учун кийип журот, болсоле кантип кийбей койсун, эми ал байкушту форманды ондуулап албайсынбы деп жетекчилеринен тил угат, эми албетте жетекчилеринин тапканы жакшы, шабашкалары бар, а мындай катардагы милициялардын айлыгы ото томон, аны тартып алып коомчулукка жарыя кылыштын кажети жок болчу, ким болсон да акмак экенсин, ошол акмакты таап адамды маскаралаганы учун чон айыпка жыгуу керек болчу.
+6
Taalaibek.
2018-03-07 07:48:49
Arlenchik,Бала ыйлабаса, эмчек кайдан.
+1
Ma9
2018-03-06 20:08:33
ким тартса дагы акмак Адам экенсин жазалаш керек сага окшогонду
+3
ruslanz
2018-03-06 20:42:12
Ma9,Таркан киши азамат,жузун корсотпоптур. Бул фотонун мааниси ото терен.
-1
omurbek1990
2018-03-06 20:24:42
Кенже курамда иштегендердин 80% кыйналып жашагандар, бут карапайымдын балдары. Акчалуулар кенже курамда копко иштебей которулуп кетет жакшы жерлерге.
+3
ruslanz
2018-03-06 20:39:24
Мына жетекчилер кандай иштеп жатканынарга жооп.Мына айлыкка жашаган катардагы жаран.Ботинкан бутун болуш учун сабашка кылыш керек, айлык эчтекеге жетпейт.
+4
tttalant
2018-03-06 21:40:01
Айлык которсо баары таза иштемек чын ошону карап чыгыш керек жок дегенде 18-же 20
Кылса иштемек
-2
ayana16
2018-03-06 21:41:11
Байкуш боорум ооруп кетти.менин агам да милиционер, 2 баласы бар квартирада турушат садике толош керек, прадукта,женем ишке кирейин десе (мугалим)5000 сом сураптыр ишке алыш учун.акемин айлыгы эчтекеге жетпейт
+2
Baku88
2018-03-07 03:01:37
Байкуштар
+1
Taalaibek.
2018-03-07 07:45:43
Бир эле милициялардын эмес, бутундай карапайым элдердин маяналарын которуш керек.
+1
Nevestkaa
2018-03-07 12:32:43
Урматтуу милиция эч уялбай эле кие бер сен уурулук кылган жоксун за то ак эмгек бешене тер мн таап атасын.Баарыбыз эле жыртык кийим киебиз жашыңда кылгын мээнетти карыганда көрөсүн дөөлөттү.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан