Казакстандын Алматы шаарында өткөн математика жана механиканы изилдөө боюнча долбоорунун VIII эл аралык сынагында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы №9-мектеп-гимназиясынын окуучулары механика, математика жана экономиканы изилдөө боюнча долбоорунда 4 алтын, 6 күмүш жана 6 коло медалга ээ болушту.
Алтын медалдардын жана 1-даражадагы дипломдордун ээлери:
Айгерим Таалайбек - 11-класстын окуучусу, механика багыты боюнча;
Ханзада Алашева - 11-класстын окуучусу, экономика багыты боюнча;
Актан Матосмонов – 11-класстын окуучусу, экономика багыты боюнча;
Жаркынбай Уранов - 11-класстын окуучусу, экономика багыты боюнча.
Күмүш медалдардын жана 2-даражадагы дипломдордун ээлери:
Айза Мырзабекова - 11-класстын окуучусу, математикалык колдонмо багыты боюнча;
Луиза Заирова - 11-класстын окуучусу, математикалык колдонмо багыты боюнча;
Сабина Талантбек кызы - 11-класстын окуучусу, механика багыты боюнча;
Айданек Тынычбек кызы - 11-класстын окуучусу, механика багыты боюнча;
Вероника Михайленко - 11-класстын окуучусу, механика колдонмо багыты боюнча;
Жамиля Исмаилова - 11-класстын окуучусу, механика колдонмо багыты боюнча.
Коло медалдардын жана 3-даражадагы дипломдордун ээлери:
Диана Матосмонова - 11-класстын окуучусу, математика багыты боюнча;
Виктория Щекатурова - 11-класстын окуучусу, математика багыты боюнча;
Асель Калиева - 10-класстын окуучусу, математика багыты боюнча;
Мээрим Адилет кызы - 10-класстын окуучусу, математика багыты боюнча;
Бакберген Шаршембаева - 11-класстын окуучусу, математика багыты боюнча;
Данияр Илахунов - 11-класстын окуучусу, экономика багыты боюнча.