Акыркы 20 жыл аралыгында өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны бир жарым эсеге өстү. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин "Арди" бирикмесинин өкүлү Турдубү Жумабекова маалымат жыйында айтты.
Анын айтуусуна караганда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бакчага, мектепке баруусуна шарттарды түзүү - мезгилдин башкы талабы.
"Бүгүнкү күндө майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдардын саны 29 миң 800гө жетти. Ал балдарды үйдө мээрим берип тарбияласа келечекте өлкөнүн келечегине жараган жарандар болот", - деди Жумабекова.
Ата-энелер Кыргыз өкмөтү 15 жылдан бери майып балдары бар үй-бүлөлөрдүн энелерине баласын бакканы үчүн айлык акы төлөп беребиз деп ушул убакка чейин төлөнбөй келгенин айтышат.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргогон активисттер жана ата-энелер президент Сооронбай Жээнбековдон 15 жылдан бери ишке ашпай келе жаткан майып баланы баккан ата-энеге эмгек акыны төлөөнү жүзөгө ашырууга көзөмөл кылышын өтүнүштү.