Бүгүн, 6-мартта Швейцариянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Вероник Ульманн менен Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жарандардын саламаттыгын жакшыртуу максатындагы долбоордун келишимине кол коюшту. Аталган долбоор 4 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргыз жергесиндеги элчилигинен кабарлашты.
4 жылдык долбоор жугушсуз оорулардын алдын алуу, профилактикалык абалды жакшыртуу жана сергек жашоо образын жайылтууга негизделген. Келишимге ылайык Швейцария саламаттыкты сактоо тармагына 300 миллион сом бөлүп берет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы берген маалыматында 2016-жылы каза болгондордун басымдуу бөлүгү жугушсуз (жүрөк кан-тамыр, онкологиялык, респиратордук) оорулардан жабыркагандар болгон. Туура эмес тамактануу, тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерди колдонуу, физикалык кыймылдын аздыгы жогорудагы оорулардын тамыр жайышына себеп болгон.
Долбоор алгач Ысык-Көл, Чүй, Нарын жана Талас облустарында ишке киргизилет.