Орусиянын Хакасия аймагындагы Приисковое лыжа базасында сноубордчу кар көчкүнүн астында калды. Аны кардын алдынан бир нече адам биргелешип казып чыгарышкан.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы гид-фрирайдер Игорь Лысенко трассадан тышкары тээп бара жатып, кар массасынын алдында калган. Ал карга башы менен көмүлүп кеткен.