6-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 11" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков оор салмак категорияда чемпиондук курдун ээси болду.
93 килограммдан жогору салмак ченинде орун алган беттеште Тилек Жээнбеков украиналык Юрий Проценкого туш келди. Беттеш учурунда Тилек Жээнбеков өзүн мыкты көрсөтүп, атаандашына бир топ кооптуу соккуларды узатты. Ал эми Юрий Проценко Кыргыз мушкердин соккуларын сезбегендей, атаандашын партер абалына алып келүүгө шашылып жатты. Жээнбеков партер абалына барбай, атаандашына таамай соккулары менен мүмкүнчүлүк бербей жатты. 4-раундда украиналык мушкердин машыктыруучусу анын шакирти чарчап калганын көрүп беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин туура көрдү. Муну менен Тилек Жээнбеков жеңишке жетип WEF'тин чемпиондук куруна ээ болду.
Эске салсак, украиналык мушкер JFC уюмунун чемпиондук курунун ээси. Ал JFC'нин чемпиондук куру үчүн беттеште Мыктыбек Мамасалиевди жеңип алган.