Коопсуздук кеңеши бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин текшерет

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-мартта өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары жана аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди. Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин чечими 45 иш-чараны камтыганын жана алар учурда ишке ашырыла баштаганын белгиледи.

"Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жана Башкы прокуратурага 2016-2017-жылга карата токтотулган же жабылган кылмыш иштеринин тизмеси берилди. Материалдар Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин бир айдын ичинде келип түштү. 2018-жылдын 10-мартына чейин алар боюнча тиешелүү талдоо жүргүзүлдү. Бүгүн бул материалдардын баары президентке таанышуу үчүн берилди", - деди Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында иштегендердин декларацияларын текшерүү механизмин караган өкмөттүн токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Өкмөт токтом долбоорун жакын арада кабыл алары күтүлүүдө.

"Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жеке иштери суралып алынды, учурда алар текшерилип, декларацияланган мүлкү боюнча маалыматтын чындыгын текшерүү жаатында терең анализдөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп кошумчалады Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин айрым мамлекеттик органдардагы системдүү коррупцияны жоюу тууралуу буга чейинки кабыл алынган чечимдери боюнча жумушту улантуу керектигин белгиледи. Дамир Сагынбаев бардык мамлекеттик органдарда, анын ичинде Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарында системдүү коррупцияны жоюу боюнча пландар кабыл алынып, ишке ашырыла баштагандыгын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан