Бишкек шаарында 2018-жылдын эки айында бак-дарактын 500 түп көчөтү отургузулду. Дагы 11 миң 667 түп көчөттү отургузуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева билдирди.
Анын айтымында, шаар аймагындагы жолдорду оңдоо иштерине жана кооптуу абал жараткандыгына байланыштуу 2017-жылы 2 миң 938 дарак кыйылган.
"Анын ичинен 840 бак-дарак авариялык абалда болгон үчүн кыйганбыз. 1 миң 645 дарак Кытай мамлекетинен бөлүнгөн гранттын негизинде оңдолчу жолдорго байланыштуу кыйылса, калган 453 даанасы "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын карамагындагы оңдолчу жолдордо жайгашканы үчүн кыйылган. Кыйылган дарактар отун катары шаар аймагында жашаган социалдык камкордукка муктаж үй-бүлөлөргө таратылган", - дейт башкы адис.
Ал белгилегендей, быйыл отургузула турган бак-дарактардын 7 миң 187 түбү жалбырактуу чоң дарактар, 1 миң 30 түбү жабык тамырдуу ийне жалбырактуу дарактар. Ошондой эле декоративдик дарактардын 3 миң 450 түп көчөтү шаардын көчөлөрүнө тигиле турганын шаар бийлиги убадалаган.