Министр Исакунова: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине жөлөк пул берүү үчүн 400 миллион сом керектелет"

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине жөлөк пул берүү үчүн 400 миллион сом керектелет”, - деп бүгүн, 13-мартта парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргыз мамлекетинде 29 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. “Анын ичинен 6 миң бала өз алдынча кыймылдай албайт. Алардын ата-энелерине ай сайын жөлөк пул төлөп берүү маселеси боюнча карап чыктык. Коомдук угуу өткөрүлүп, иштелип чыкты. Бирок маселе кайрадан эле каражатка келип такалат. 6 миң баланын ата-энесине жөлөк пул берүү үчүн 400 миллион сом керектелет”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан