Мурдагы вице-премьердин уулу депутат болду (өмүр баяны)

"Республика-Ата Журт" партиясынан талапкер Марлен Маматалиевге депутаттык мандат берилди. Мындай чечим 13-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Маматалиев парламенттин мурунку депутаты Фархат Иминовдун ордуна келди. Иминов өзүнүн депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арызды 1-мартта жазган.

Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

2002-2003-жылдары – "Марс" компаниясында администратор, кассир;

2003-2004-жылдары – Социалдык фонддун программалык камсыздоо бөлүмүнүн адиси;

2004-жылдын март-ноябрь айлары – Социалдык фонддун программалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;

2004-2006-жылдары – Социалдык фонддун программалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2006-жылы – Социалдык фонддун маалыматтык системдерди башкаруунун жетекчиси;

2006-2008-жылдары – Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылы – Финансы министринин жардамчысы;

2008-2009-жылдары – Экономикалык өнүгүү жана соода министринин кеңешчиси,

2009-2010-жылдары — өкмөттүн аппараты, биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси;

2010-жылдын август-ноябрь айлары – "Ар-Намыс" партиясынын аппаратынын башчысы;

2010-2011-жылдары — Жогорку Кеңештин аппараты, "Ар-Намыс" фракциясынын бөлүм башчысы;

2011-2012-жылдары – Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

2012-жылдан тарта 2018-жылга чейин өкмөттүн аппаратынын реалдуу тармак жана инфраструктура бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Марлен Маматалиев - экс-вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан