Ангела Меркель төртүнчү жолу Германиянын канцлери болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, "Христиан-демократиялык союз" партиясынын лидери Ангела Меркелди бүгүн, 14-мартта Германиянын парламентиндеги 364 депутат колдоп добуш берди. Парламентте жалпы 688 депутат бар. Ал эми 315 парламентарий "каршы" добуш берип, 9 депутат "калыс" болду.
Германиядагы парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт түзүү боюнча коалициялык келишим дүйшөмбү күнү түзүлгөн. Анда Германиядагы "Христиан-демократиялык союз" жана "Социал-демократтар" партиясы коалициялык келишимге жетишкен. Германияда парламенттик шайлоо 2017-жылы сентябрь айында өткөн.
Белгилей кетсек, Ангела Меркель биринчи жолу 2005-жылы канцлер болуп шайланган. Аны Германия парламенти 2009 жана 2013-жылдары кайра бекиткен.