Португалия курамасы Криштиану Роналду кеткенден кийинки алгачкы оюнунда утулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттары жазышты.
Маалыматка караганда, беттеш кечээ, 14-ноябрда Португалиянын Брага шаарында өттү. Оюн алдында португалиялык футболчулар талаага Роналдунун аты жана 7-номери жазылган футболкалар менен чыгышты. Ага карабастан Португалия курамасы Данияга 1:4 эсебинде жеңилип калды. Бул команда үчүн Улуттар лигасынын учурдагы сезонундагы алгачкы жеңилүү болду.
Белгилей кетсек, Криштиану Роналду 5-ноябрда улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады.