Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украина НАТОго мүчө болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Макрон Украина Европадагы эң ири кадимки армияга ээ экенин жана континенттин коопсуздугунда маанилүү роль ойной турганын белгилеген.
"Биз мындан ары да алдыга жылып, согуштан кийинки мезгилде эмнени каалап жатканыбызды, анын ичинде орусиялыктарга да ачык билдиришибиз керек. Ошондой эле Европанын узак мөөнөттүү коопсуздугун камсыздоо үчүн АКШдан эмнени күтөрүбүздү так аныкташыбыз зарыл", - деди ал.