КҮНСЕРЕП: ТЭЦ 250 миллион долларга жаңыланганы айтылды, калган 136 миллион доллар кимдин чөнтөгүндө?

Бүгүн, 15-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек жылуулук борборунун модернизациясынын тегерегиндеги териштирүү күндөн күнгө күчөп жатат. Бүгүн “Электр станциялары” ААКсынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ЖЭБ боюнча өтө турган маалымат жыйын болбой калды. Бирок алардын ордун маалымат айдыңында ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ээледи. Анын айтымында, 30 градус суук болуп турган учурда Бишкек шаарынын тургундарын 5 күн жылуулуксуз калтырган ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктын анык себеби модернизация долбооруна барып такалат. Тагыраагы “ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүнө сууну тазалап берүүчү химиялык цехтин курулбаганында” деди ал. Нурлан Өмүркул уулу жаңы блок иштеши үчүн химиялык цехти куруу керек деген каттар бир канча жолу “Электр станцияларынын” жетекчилигине жазылганын, дал ушул чындыкты кийин ачыкка чыгарып жибергенинен улам кызматтан бошотулганын билдирди.

Акыркы күндөрү социалдык тармакта кеңири азил-тамашага айланган 600 долларлык кычкачтар тууралуу да сөз болду. Бул маалыматтын биринчи булагы болгон Нурлан Өмүркул уулу 2 кычкачтын баасы 640 доллар экенин тастыктап, жалпы материалдардын 90 пайызы ашыра көтөрмөлөнгөн баада көрсөтүлгөнүн айтты. “Модернизацияга 250 миллиондой доллар коротулду. Калган акчанын изин таппай калып, шаймандардын баасын жогору көрсөтүп жатышат” деди ЖЭБдин мурдагы директору. Нурлан Өмүркул уулунун сөзүнө таянсак, анда 136 миллион доллар ЖЭБдин дарегине жетпей "жоголгон". Бул жалпы кредиттин 35 пайызы белгисиз дегенди билдирет.

SUPER.KG порталына 386 миллион долларга конкреттүү түрдө канча жабдуу кандай баада, тейлөөгө канча сумма каралганы көрсөтүлгөн документ келип түштү. Чоң каражат сарпталган учурларды иргей турган болсок: турбина – 46,8 миллион доллар; башкы корпус – 40,2 миллион доллар; эки от казан - 41,4 миллион доллар (ар бири 20,7 миллион доллардан); кабель жана кабелдик курулуштар – 20,2 миллион жана башкалар бар. Ошондой эле "башка чыгашалар" деген бөлүк боюнча 49,6 миллион доллар жумшалган. Анын ичинде административдик чыгашага 14,4 миллион доллар бөлүнсө, бир консультанттын кызматы үчүн эле 5 миллион 937 миң доллар каралган. Кызыгууну жараткан пункттар да жок эмес. Анын биринде Айлана-чөйрөнү коргоо - 583 миң 847 доллар, анын ичинде ЖЭБдин аймагын жашылдандырууга 20 миң доллар каралган. Бул документте көрсөтүлгөн цифралардын чети гана. 600 долларлык кычкач же 14 миң 500 долларлык камера делген чуу сымал бул баалардын канчасы рыноктук баасына дал келет, дал келбесе, канчасы ашыра көрсөтүлгөнү тергөөдө кеңири иликтене турган жагдай. 20 миң долларга ЖЭБдин тегерегин жашылдандыруу каралып, имараттын терезе-чатырын бүтөө планга кирбей калганы да кызык. Эске салсак, 386 миллион долларлык кредитти Кыргыз мамлекети 20 жылдын ичинде үстөк пайызын кошуп 480 миллион доллар кылып кайтарат.

Нурлан Өмүркул уулу эми гана агынан жарылганын жетекчилик тарабынан модернизацияга көлөкө түшүрбөө тууралуу оозеки тапшырма болгону менен түшүндүрдү. “Антпесе, баалардын көтөрмөлөнгөнү эбак эле белгилүү болчу” деди ал.

Интернет коомчулугунда "Бул кышта өзгөчө суук болуп, андан улам ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болбосо, бул объект кантип "жаңыланганын" коомчулук билбей калмак экен" деп табиятка ыраазычылык билдиргендер болууда. Эгерде кыш өтө суук болбосо, ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болбосо, анда азыр калкып чыгып жаткан былык иштердин көбү ачыкка чыкпай да калмак. Коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүп жаткан органдарга ЖЭБдин мурунку жетекчиси баалуу көмөк көрсөттү. Эми алар Бишкек ЖЭБине жетпей жоголгон 136 миллион долларды таап чыгуулары керек...

Бишкекте жаш кызды “жылаңач түшкөн сүрөт-видеоңду элге жаябыз” деп коркутууга шектелип кармалган жарандардын тегерегиндеги окуяда кошумча маалымат пайда болду. Эске салсак, жабырлануучу кыз “менден 2 миң доллар талап кылып жатышат” деп милиция кызматкерлерине кайрылып, 12-мартта Нарын облусунун 18 жаштагы тургуну кармалган. Ал SUPER.KG порталына кайрылып, “акча талап кылган бала мен эмесмин, бул иште алданып ортомчу болуп калдым” дейт. Бишкек ШИИББи опузалоо жолу аркылуу акча талап кылууга шектүү жарандар үчөө болгонун, шектүүлөрдүн бири кармалып, кийин үй камагына чыгарылганын, калган шектүүлөр изделип жатканын билдирди. Буга окшош окуя Ошто да орун алды. 13-мартта "кытай жигитке тийип алганыңды ата-энеңе айтам деп коркутуп 21 жаштагы кыргыз кыздан 100 миң сом талап кылган" деген шек менен бир жаран кармалды.

Жогорудагыдай окуяларда көбүнчөсү бир жактуу кодулоо башталат. Орусиядагы өзүн “патриот” атаган адамдардан кыргыз кыз-келиндеринин кордук көргөнү коомчулуктун эсинен чыга элек. Сапаргүлдүн окуясындай иштин аягы кумга сиңгендей болбой, ар бир мындай окуяларда кылмышкер жазасын алышы шарт. Жаран каалаган жерине барат, каалаган жеринде жашайт жана иштейт, каалаган адам менен үй-бүлө курат – бул анын конституциялык укугу. Эч кимдин башка улутка тийдиң, же үйлөндүң деп кемсинтүүгө, опузалоого акысы жок...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан