Экс-депутат Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголуп, УКМКга чакыртылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG'ге Осмоналиев өзү да тастыктап, таң калып жатканын айтты.
"Мен үчүн абдан таң калычтуу болду. Мен 62 жаш курактамын. 2014-жылы депутат болуп жүргөндө буйрук менен мага каршы иш козголгон болчу. Аны далилдей албай 2015-жылы 8-октябрда Башкы прокуратура ишти жапкан болчу. Мен аны унутуп деле калгам. Андан бери жаңы парламент, жаңы президент келди. Бирок мен оң жана терс окуяларга карата өз оюмду айтып жүргөм.15-мартта УКМКдан чалып ошол иш боюнча чакырышты. Мен "ал иш бүтпөдү беле" десем "келгенде такташабыз" дешти. Бүгүн барсам ошол эле ишти эч нерсе кошпостон кайра ачышыптыр. Шаардын аймагынан эч жакка чыкпоо тууралуу кагазга кол койдуруп алышты. Мага "эч жакка чыкпашыңыз керек, ишти Башкы прокуратурага жиберебиз" дешти. Менин ачуу сындарды айтканым үчүн тилимди тыйганы жатышат окшойт", - деди Осмоналиев.
Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев Физика, математика илимдеринин доктору. Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат болгон.
Маалымат үчүн: 2014-жылы Каныбек Осмоналиев депутат кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алууга тиешеси бар деп кылмыш иш козголгон. Саясатчы жана илимпоз бул ишти саясий буйрук деп атаган.