Бишкекте жакындары тарабынан ур-токмокко кабылган 8 жашар кыздын өзүнүн апасы табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 19-мартта Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев билдирди.
"Балдардын таякеси келип, 20-мартта карындашы, сабалган кыздын өз энеси жолугушууга келерин айтып кетти. Анын айтуусунда күйөө баласы кызды 10 күнгө алып кеткен бойдон кайра алып барбай таптырбай кеткен. Андан сырткары ал кызга апасын ооруканага өзү бир нече жолу алып барганын, ал тууралуу күйөө баласынын да кабары бар экенин айтты", - деди Миңбаев.
Ал эми кыздын атасы аялы балдарын өзү макулдугу менен бергенин айтты.
"Биринчи жубайым менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Бир уул, бир кыз төрөп берди. Кийин эле басып кетчү адат таап алды. Улам кетип, кайра улам келип жүрүп, азыр турмушка чыгып жашап жаткан адам менен таанышып калыптыр. Кийин аны менен жашыруун жолугуп жүргөнүн билип калып ажырашканбыз. Мен ага балдарды бер, сен бага албайсың десем өзү макулдугун берген, жадакалса балдардан баш тартканы тууралуу кагаз жүзүндө жазып бермек болгон. Бирок убакытты ар шылтоо менен созуп жүрө берди. Жайында кызымдын таякеси "мектепке окут" деп мага берген болчу. Менин кайсы жерде жашап жатканым тууралуу билчү", - дейт ал.
Эске салсак, окурман 12-март күнү "Элдик кабар" рубрикасына Бишкекте 8 жаштагы кыз жакындарынан кордук көрүп ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Маалыматты Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынан тастыкташып, ал колунан, башынын бир канча жеринен, моюнунан жаракат алып денесиндеги көп тактар менен "Тез жардам" аркылуу келгенин айтышкан. Кийин секелектин "Өгөй апам отургуч менен уруп колум сынды, башыма чөмүч менен чапкылап, күн сайын урат" деген видеосу чыкты. Бул арада SUPER.KG'ге кыздын чоң энеси "Неберем өзү тентек, келинимдин урганына ишенбейм", - деп айткан . Бул боюнча кыздын өгөй апасына кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга алынган. 8 жаштагы кыз 19-март күнү ооруканадан чыгарылып, бир тууган агасы менен балдар интернатына жиберилгенин социалдык кызматкерлер маалымдашкан.