Көк бөрү боюнча финалда "Ынтымак" менен "Достук" командалары беттешет. "Ынтымак" командасы былтыркы ийгилигин кайталай алабы?

19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алды. Анда "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттештери өттү.

Күндүн алгачкы беттешинде Таластын "Ынтымак" командасы менен Чүйдүн "Биримдик Аю" командасы туш болду. Улакчылар чабуулга чабуул менен жооп берип, беттеш абдан кызыктуу болду. Алгачкы улакты казанга "Биримдик Аюнун" улакчысы Урмат Мусаев таштады. Аргымагын атаандашынын казанына чаптырып барып, улак менен кошо казанга кирип кетти. Бирок Мусаев эсеп санын ачканы менен, жаракат алгандыгынан улам оюндан четтеди. Буга "Ынтымак" командасы чабуулдарды күчөтүп, эсепти тең кылганга үлгүрүп, андан соң эсепти 2:1ге айлантты. Буга "Биримдик Аю" командасы мыкты чабуулдар менен жооп берип жатты, бирок таамай боло албай, 3 ирет улак казандын жанына түшүп калды. Кызуу беттеш 2:1 эсеби менен жыйынтыкталып, "Ынтымак" финалга өттү.

Жарым финалдын 2-беттешинде Оштун "Достук" командасы Чүйдүн "Арашан" командасына туш келди. Беттеште алгачкы мүнөттөрдөн баштап Оштон келген команда өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, уламдан улам атаандашынын казанына улак таштап жатты. "Арашан" командасы атаандашына туруктуу жооп берүүгө аракет кылганы менен жаш улакчылар таамай боло алган жок.

Айта кетсек, бул беттеш "Достук" командасынын капитаны Байыш Ниязовдун туулган күнүнө туш келген. Тажрыйбалуу улакчы атаандашынын казанына 2 улак таштап, туулган күнүндө өзүнө белек ыйгарды.

Муну менен республикалык мелдештин финалында Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен беттешет. Ал эми 3-орун үчүн беттеште Чүйдүн 2 командасы күч сынашат, анда "Биримдик Аю" менен "Арашан" командалары күч сынашмакчы.

Эске салсак, 2017-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" беттешкен. Анда бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен. Бул жылы жеңишке кайсы команда жетерин 21-мартта орун алчу беттеш аныктайт.

19-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, жарым финал:

"Ынтымак" - "Биримдик Аю" - 2:1;

"Достук" - "Арашан" - 15:1.

21-мартта өтө турган беттештер:

3-орун үчүн беттеш:

Саат 10:00дө "Биримдик Аю" - "Арашан"

1-орун үчүн беттеш:

14:00дө "Ынтымак" - "Достук"

Нооруз-2018: "Ынтымак" менен "Достук" көк бөрүнүн финалында кездешмей болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Mani.kg.
2018-03-19 18:05:44
Достук алга!!
+11
buiga
2018-03-19 18:07:35
Былтыр ынтымака тартып койсон.Манасты штрафной деп оюндан чыгара коюп.Достук алга.
+9
salimbek87.kg
2018-03-19 18:08:00
Достук ийгилик .
+8
Tuke8686
2018-03-19 18:10:59
Эки Командагатен ийгилик кучтулору утушсун
+18
Edward.14
2018-03-19 18:20:19
Достук алга!Быйыл чемпион болот буйруса!
+8
Bekzamann
2018-03-19 18:30:05
Достук алга!
+5
Tyty1990
2018-03-19 18:38:31
Ынтымак былтыркы ийгилигин кайталай алат эгер судья жардам берсе
+3
aza84
2018-03-19 19:10:10
Ынтымак сосуз быйылда чемпион болот
-4
mirkaa5182
2018-03-19 19:29:31
Албетте, Достук жеңет быйыл реальный болсо.
+3
iskak86
2018-03-19 19:57:26
Достук алга
+1
make2
2018-03-20 10:19:54
Ынтымак жеңет буйруса, минус бассаңарда баспасаңарда
0
adiletabjalbekov92
2018-03-20 12:55:05
финалга жетиш деле жениш да,ал эми ким утат аны бир гана кудай билет
+3
admin_superstan
2018-03-20 16:45:46
wwwonline, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 5 күнгө БАН!
0
Ramis.Ramis.kg
2018-03-20 18:24:40
Кайталай албайт себеби былтыр таза ойун болгон эмес быйыл Достук 10 : 01 ге утат ишенип койгула
+1
arawan
2018-03-20 21:02:41
кайталай алабы деген суроо озу суроо жаратат уюштуручулар достукту аябай эле женил группага тушуруп коюшту жеребеёвка да болбоптур достук баарын утуп женил оюнга конуп калышты аа ынтымак супер озун коргозду аю мн болгон оюнда талас алга ынтымак алга бир бирге достукта ат жок ахиллес мн геркулеске
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан