Асылбек Жээнбеков: "Мээрбек Мискенбаев - провокатор. Мандатымды бир гана эл ала алат"

"Депутаттык мандатымды бир гана эл ала алат", - деп 20-мартта КСДП парламенттик фракциясынын жыйынынан кийин депутат Асылбек Жээнбеков билдирди.

"Мээрбек Мискенбаев - провокатор. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун жакшы иштерин көрө албай жатат. Биз убада бергендей, президенттин ишине кийлигишүүгө эч качан барбайбыз. Бакиев менен Акаевдин мисалы жалпы элге жана келечекте бийликте боло тургандарга чоң сабак болуш керек", - деп толуктады Жээнбеков.

Фракция лидери Иса Өмүркулов Асылбек Жээнбековдун мандаты тууралуу сүйлөп жатып, бул маселени фракция жыйынында кароого укугу жок экенин айтты.

Айта кетсек, КСДП фракциясынын жыйыны жабык эшик артында өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Анда КСДП партиясынын 31-мартта өтө турган жыйынынын күн тартиби талкууланганы айтылды.

Буга чейин 17-мартта Бишкекте "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" уюмдары 2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларына арнап эскерүү жыйынын өткөрүшкөн. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун" деген талапты койгон.

Асылбек Жээнбеков “Мээрбек Мискенбаев - провокатор” дейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан