Учак кырсыктарын изилдеген австралиялык Питер Макмэхон аттуу адис 4 жыл мурун Инд океанынын үстүнөн учуп баратып дайынсыз жоголгон малайзиялык Боинг-777-200 учагы кайда жатканын Google картасынан тапканын чет элдик ЖМКлар жазууда. Маалыматка караганда, Боинг учагын табуу үчүн бир канча жыл НАСА жана Googlе карталарын изилдеп чыккан адис малайзиялык Боинг-777 болжолдуу түрдө Раунд аралынын түштүк тарабынан 16 чакырым алыстыкта жатканын айтууда. Ал бул аймак издөө аймактарынын катарына кирбей калганын белгилеп, өзүнүн жыйынтыгын Австралиянын Транспорт жана коопсуздук бюросуна жиберген.