"Ош шаарындагы "Бостон" жана "Бексултан" базарларынын ортосундагы өтмөк да базарга айланып кетти. Ал жердеги начар абал шаардын көркүн бузуп жатат", - деп бүгүн, 22-мартта окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирди.
Анын билдирүүсүнө ылайык, ал жолдон адамдар өтө албай кыйналышат. Анткени соодагерлер товарларын жайып алышкан.
"Эң эле кейигеним - үстүн ар кандай өңдөгү каражаттар менен жаап алышкан. Айрымдары айрылып, тытылып, салбырап турат. Мындай абал шаарда болбош керек, көптөгөн туристтердин Ош шаарын ушул абалда көрүшүнөн уялам", - деп маалымдайт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.