Жогорку Кеңеш Кытайдын Коммунисттик партиясынан миллион сом албаганын билдирди

"Жогорку Кеңеш Кытайдын Коммунисттик партиясынан миллион сомдук жардам алган эмес", - деп SUPER.KG`ге Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Ал 2017-жылы Кытай элчилиги тарабынан Жогорку Кеңешке жардам болгонун, ал эми Коммунисттик партия менен ал гранттын тиешеси жок экенин айтты.

"Жогорку Кеңеш Кытайдын Коммунисттик партиясынан эч кандай жардам алган эмес. Бүгүн биз бул маалыматтар тууралуу иликтеп чыктык. Парламентке Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги тарабынан бир миллион сомдон ашуун каражатка техникалык грант келген. Алар акчалай жүзүндө эмес, кондиционер жана башка муктаж болгон техникалык жабдууларды алып келип беришкен. Жогорку Кеңеш элчилик жана башка эл аралык уюмдар менен парламентаризмди өнүктүрүү багытында дайым кызматташып келет. Бул жат нерсе эмес. Ал эми сөз болуп жаткан Коммунисттик партиядан Жогорку Кеңешке жардам келген эмес", - деди Нуракун уулу.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кытайдын Коммунисттик партиясы КСДПга жардам иретинде 1 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөнүн айткан. КСДПнын саясий кеңешинин төрага орун басары Фарид Ниязов "Кытай Коммунисттик партиясынын жардамын КСДП эмес, Жогорку Кеңештин аппараты алган" деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан