Ысык-Көл облусундагы Түп районунун 33 жаштагы П.А. аттуу тургуну эки жыл мурун катталган уурулук жана тоноо фактыларына шектүү катары Ысык-Көл ОИИБи тарабынан кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Апасы Галина Алексеенко баласы 15-март күнү үйдөн зордук менен алынып кетип, ОИИБинин кызматкерлери тарабынан ур-токмокко кабылганын SUPER.KG’ге айтып берди.
Анын белгилешинче, уулу 2016-жылдын февраль айынын соңунда чоң энесинин үйүндө 100 тоннадан ашык жыйылып турган буудайдан өзүнө тийиштүү болгон үлүшүн алып кеткен. Бирок бул аракети үчүн анын үстүнөн өз атасы Валера Алексеенко жана район тургуну Таалайбек Отунчуев тарабынан төрт айдан кийин Түп РИИБине арыз берилип, чара көрүү талабы коюлган.
“Уулумдун үстүнөн 2016-жылдын 30-июнунда эки адам тарабынан арыз жазылган. Бири өз атасы Валера Алексеенко болсо, бири райондун тургуну Таалайбек Отунчуев. Алар баламдын чоң энесинин үйүндө токтоп турган МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактор, ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа жана 17 тонна буудайды уурдаганын айтышкан. Балам буудайды өзүнүн үлүшү катары жана Валеранын мыйзамдуу уулу катары алган. Анткени буудай айдалган жер жана техникалар чоң энесинин же болбосо, Валеранын апасынын атында болгон. Бирок техникаларды алган эмес. Өз үлүшүн алганы үчүн атасы Валера аны сотко берген. Анткени менен Отунчуевдин бул ишке тиешеси жок болчу. Ал чарба иштерин Валеранын Андрей аттуу иниси менен бирге жүргүзүп келгенин, трактор өзүнө тийиштүү болгонун айтканы менен ортолорунда эч кандай келишим болгон эмес. Жөн жерден ошончо мүлкүн бирөөнүн үйүнө койбойт да. Уулум өз үлүшүн алып кеткенден кийин төрт айдан соң РИИБге арыз менен кайрылышты”, - деди Галина.
Бирок РИИБ факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Галина арыз ээлери буга макул болбой тааныштары аркылуу кылмыш ишин кайрадан козготконун белгиледи.
“5-августта райондук милиция кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Ага макул болбой райондук прокуратурага арыз берилип, белгисиз жагдайлардан улам Ысык-Көл ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, балам 5-октябрда 48 саатка камакка алынып, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылды. Андан соң иш Түп РИИБине өткөрүлүп берилип, бактыга жараша, мунапыстын негизинде козголгон кылмыш иш 2017-жылдын январында токтотулуп калган. Анткени менен канчалык аракет кылбайлы ал кагазды бизге бербей коюшкан.
2018-жылдын 14-мартында Акыйкатчы институтуна арыз жазуу үчүн Бишкекке баргам. Эртеси күнү кечинде үйгө милиция кызматкерлери келип ошол эле иштин негизинде уулумду үйдөн мажбурлоо жолу менен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына алып барып камап коюшуптур. Ошол күнү күнөөсүн моюнуна алдыруу үчүн сабашкан экен. 16-мартта укук коргоочу кирип сабалганы боюнча арыз алып облустук прокуратурага тапшырдык. 16-мартта дарыгерлерге көрсөтүү талабын койдум. Бирок аткарышкан жок. Тескерисинче, эки айга камакка алышты. Ошол күнү кечинде дарыгерлер чакыртылып карап чыгышты. Алар “баш мээсинен жабык түрдө жана оң көзүнөн жаракат алган” деген чечим чыгарышты ”, - деди Галина.
Галина арыз жазган Валера менен эки уул, бир кызды тарбиялап, бирок акыркы эки жылдан бери эки башка жашап жатышканын кошумчалады.
“Улуу балам Орусияда, андан кийинки азыр камакта отурган 33 жаштагы уулум мени менен болсо, кызыбыз Валера менен. Ал экөөбүз мыйзамдуу ажырашпаганыбыз менен, эки жылдан бери эки башка жашап жатабыз. Кызыбыз да агасын ууру деп, азыр күбө катары өтүүдө”, - деди ал.
Бул жагдайдан улам арыз ээлеринин пикирин да уктук. Таалайбек Отунчуев шектүүнүн апасы Камиль Рузиев аттуу укук коргоочунун айтканы менен, болуп уулун ак көрсөтүү аракеттерин көрүп жатканын айтты.
“Валеранын жакындары менен чогуу чарбачылык кылып, алардын жана менин техникаларымды чогуу иштетчүбүз. Буудайды жыйнап кампага койгонбуз. Бирок шектүү менин 15 тонна буудайымды, тракторумду жана Валеранын апасынын жүк ташыган унаасын сатып жиберип, өзүнө КамАЗ сатып алыптыр. Ал күнөөсүн моюнуна албай жатат. Бир канча айдан бери издөөдө жүрүп эми кармалды. Апасын болсо Камиль Рузиев деген укук коргоочу тукуруп, ар кайсы жерге арыздантып жатат. Мен мүмкүн болушунча сабырдуулук кылып жатам”, - дейт Отунчиев.
Ал эми атасы Валера уулунан болгону техникаларды кайтарып берүүсүн гана суранып жатканын айтты.
“Өз уулумду каматып эмне кылам? Буудайды кайтарбаса койсун, болгону техникаларды кайтарып бериш керек. Ал техникалар меники эмес, Таалайбек менен инимдики. Мүлктөр апамдын атында, ишеним күбөлүгү менде болчу. Ошондуктан арызды Таалай экөөбүз бергенбиз. Ал эми мен аялым менен 15 жылга чукул убакыттан бери жашабайм, кээде гана конок болуп келишет. Ага карабай үйүмдү бошотуп бергем. Балам бирөөнүн буюмун кайтарып берип койсо мынчалыкка жетпейт болчу”, - деди Валера.
Ички иштер министрлиги П.А.нын сабалышы боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле жогорудагы кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы да айтылды.