III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды оӊдоого бюджеттен 10 миллион сом бөлүү каралууда. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 26-марттагы жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канатбек Аманкулов билдирди.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, мамлекеттик бюджеттен берилчү бул каражаттын булактары табылган.
Жыйынтыгында буга чейин эки ирет оңдоодон өткөн ат майданды дагы оңдоо үчүн акча бөлүү сунушун комитет мүчөлөрү колдоп беришти.
Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-сентябрда башталат. Анын ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда орун алат.