Акыркы 8 жылда 200дөн ашуун Кытай жараны Кыргыз паспортун алган

Акыркы 8 жылда 214 Кытай жараны Кыргыз паспортун алган. Алардын ичинен 129 жаран этникалык кыргыздар. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин маалымат каражаттарында жарыяланган миңден ашык Кытай жараны Кыргыз паспортун алган деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз жарандары менен никеге турган Кытай жарандарынын саны 30 миңден ашык деген маалыматты да төгүндөп, акыркы 17 жылда Кытай жарандары менен никеге тургандардын саны 195 экенин айтты.

Белгилей кетсек, кытайлыктарга турмушка чыккан Кыргыз кыздары алардан кордук көргөнүн айтышып, "Ак жүрөк" кризистик борборуна кайрылышкан. Алардын айрымдары туугандары каршы болгонуна карабай Кытай жаранына турмушка чыккан, кээ бирлери жашыруун үй-бүлө курушкан. Аларды 1-2 балалуу болгондон кийин күйөөлөрү таштап кеткен учурлар да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2018-03-27 08:28:09
Караманча калп! Сатылган паспорттор жөнүндө эмнеге айтпайсыңар! ХХХХХХХХХХ
0
Ask094
2018-03-27 14:34:29
30 мин эмес 50-60 мин берилген болсо керек уже. Неге жашырасынар? Этникалык кыргыздар жок алардын арасында
0
Jelezo
2018-03-27 15:38:00
Россияда канча Өзбек. Тажик граждандары кыргыз паспорт менен жүрүшөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан